Өлкө аймагында 5нен 8-ноябрга чейин күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Автор -
307

5-ноябрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. 5-ноябрда күндүз жана 6-ноябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жана тоо этектеринде жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

6-ноябрда Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында туман түшүшү мүмкүн. Тоолуу райондордо жана тоо этектеринде жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин жетет.

7-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 7-ноябрда күндүз жана 8-ноябрда кээ бир райондордо жаан-чачын жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жана тоо этектеринде жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы  секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

8-9-ноябрь күндөрү кээ бир райондордо жаан-чачын жаашы күтүлөт. Абанын температурасы өзгөрүлүп турат.

Бишкек шаарында күтүлгөн аба-ырайы

5-6-ноябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин жетет.

Ош шаарында күтүлгөн аба-ырайы

5-6-ноябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.