Эртеӊ, 7-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз бир топ аймакта жаан жаап, карга айланат. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +9…+14;
Таласта түнкүсүн -4…+1, күндүз +9…+14;
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн -1…+4, күндүз +9…+14;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +5…+10;
Нарында түнкүсүн -4…-9, күндүз +5…+10;
Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +1…+3, күндүз +10…+12.