Депутат: коомдук транспорттор жүрө турган өзүнчө линия салынышы керек

Автор -

Бүгүн, 15-ноябрда Жогорку Кеңеш жыйынында “Ар кыл маселелер” саатында Бишкек шаарындагы жолдордогу тыгын, анын кесепети, чечүү жолдору боюнча маселе көтөрүлдү.

Депутат Дастан Бекешев Бишкек шаарындагы жолдордо авто тыгын барган сайын күчөп, эл сааттап жолдо, аялдамаларда убактысын текке кетирип жаткандыгын ортого салды. Эл өкүлү мындай жагдайга калаа мэриясы эле эмес, Өкмөт дагы чара көрүп, жумушчу топ түзүп, тыгынды чечүүнүн жолун издеши керектигин сунуш кылды.

Суук түшкөнү тыгын көбөйүп, борбор калаанын жарандары, окуучулар, жаш-кары дебей аялдамаларда транспорт күтүп турушат. Мындай жагдайга көңүл бурган депутат Марлен Маматалиев: “Эртеби-кечпи ушул кадамга барабыз. Андыктан, азыртадан эле элдин саламаттыгы, ыңгайы үчүн жабык, айнек аялдамаларды салуу маселсин колго алуунун сунуштаар элем. Мындан сырткары, коомдук транспорттор жүрө турган өзүнчө линия салынышы керек”,— дейт эл өкүлү.