28-ноябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Автор -

Эртеӊ, 28-ноябрда түнкүсүн жана күндүз басымдуу аймактарда кар жаайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Абаны температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 0…-5, күндүз +4…+9;

Таласта түнкүсүн 0…-5, күндүз +2…+7;

Ысык-Көлдө түнкүсүн -1…-6, күндүз +2…+7;

Нарында түнкүсүн -8…-13, күндүз -2…+3;

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн -3…+2, күндүз +3…+8;

Бишкекте түнкүсүн кар жаап, туман түшөт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын табы түнкүсүн 0…-2, күндүз +6…+8.