13-декабрда Ысык-Көл облусунун чыгышында кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшүшү мүмкүн. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн 0…-5, күндүз +5…+10,
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн -3…+2, күндүз +6…+11,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -3…-8, күндүз +2…+7,
Нарын облусунунда түнкүсүн -10…-15, күндүз -3…-8 градус суук болот.
Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн жана эртең менен туман түшүшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2°, күндүз 8…10° болот.