14-декабрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Автор -

14-декабрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Эртең менен жана күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1…-6, күндүз +3…+8;

Талас жергесинде түнкүсүн -1…-6, күндүз +6…+11;

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн -3…+2, күндүз +6…+11;

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -2…-7, күндүз +2…+7,

Нарын облусунунда түнкүсүн -11…-16, күндүз -3…-8 градус болот.

Бишкек шаарында 14-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн туман түшүшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн -1…-3° , күндүзгү жогорку температурасы 5…7° болот.

Буга чейин, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү тараткан.