Кыргыз республикасынын эмгек синирген артисти Турусбек Жумалиевдин жубайы Зоя Токторбаев узакка созулган оорудан улам каза болду. Бул маалыматты Айчүрөк Иманалиева социалдык түйүндөгү баракчасына жарыялады.
«Кыргыз Республикасынын Эмгек синирген артиси, үй бүлөлүк досубуз Турусбек Жумалиевге жубайы Зоя Токторбаеванын узакка созулган оорудан улам кайтыш болгонуна байланыштуу көӊүл айтабыз. Чыгармачылыктан табышкан жубайлар кырк жыл чогуу жашашты. Турусбек, кайгыӊды теӊ бөлүшөбүз. Баарыбыз бул дүйнөдө конокпуз. Кайрат кыл»,-деп көӊүл айткан ырчы айым.
Зоя Токторбаева убагында театрдын жылдызы болуп, Бакен Кыдыкееванын «прима-актриса» деген баасына арзыган.
https://www.instagram.com/p/BrVYvFvlHBf/