Душанбенин борборунда 18 метрлик курант саат пайда болот

Автор -

Душанбенин борборунда жайгашкан Дусти аянтында 18 метрлик курант сааттын курулушу башталды. Бул тууралуу калаа башчынын биринчи орун басары Мухаммадсаид Зубайдзода билдирди.

Анын айтымында, курант саат 1949-жылы Тажик СССРинин 20 жылдыгына карата орнотулган чоң тактанын ордуна курулат. Тажик интеллигенциясы, колхозчулары, жумушчулары жана аскер кызматкерлери, ошондой эле Тажик СССРинин герби түшүрүлгөн ал такта 2015-жылы декабрда бузулган. Анда мэрия бул аракетин совет доорундагы эстеликтин Душанбенин башкы планы менен дал келбестиги менен түшүндүргөн.

2013-жылы тажик борборунун жаңы башкы планы жактырылган. Анда совет мезгилинде тургузулган шаардын борборундагы ондогон имарат бузулушу керектиги көрсөтүлгөн.