Улуу согуштун баатырлары кыргызстандык Акматша Түмөнбаевге жана украиналык Яков Пилипенкого Новгород облусунун Поддорье айлында эстелик тургузулду.
Баатырлар 1944-жылдын 1-февралында Лениниградды блокададан чыгаруу учурунда дзотко өз денелерин тосушкан.
Демилгени Кыргызстандагы “Биздин жеңиш” кыймылы көтөрүп чыккан. Эстеликти тургузууга каражатты кыргызстандыктар жана украинада жашаган кыргыз жарандары чогултушкан.