Кыргыз парламентине 80 жыл болду

Автор -

Бүгүн, 21-декабрда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында кыргыз парламентинин 80 жылдык маарекесине карата «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешине 80 жыл: мыйзам чыгаруу ишмердүүлүгүнө талдоо жана анын келечеги» темасындагы илимий-практикалык конференция өтүп жатат.

Иш-чарага КР Президенти Сооронбай Жээнбеков, КР ЖК Төрагасы Дастанбек Жумабеков баштаган депутаттар, Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев башында турган өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери, кыргыз парламентинин экс-спикерлери менен экс-депутаттары, эл аралык жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү, эксперттер менен адистер катышууда.

Илимий-практикалык конференция ачып жатып, вице-спикер Мирлан Бакиров кыргыз парламентинин өлкөнүн өнүгүшүнө, анын ичинде парламентаризм салттарынын калыптанышына кошкон салымын баса белгиледи.

«Бул маараке Кыргызстандын калыптануу жолундагы парламентаризмдин ролу тууралуу ой жүгүртүүгө жакшы мүмкүнчүлүк түзөт деген ойдобуз. Сиздер кыргыз парламентинин калыптанышына жана өнүгүшүнө өзүңүздөрдүн олуттуу салымыӊыздарды коштуӊуздар”, — деп, ал катышуучуларды илимий конференциясынын ишине жигердүү катышууга чакырды.

Белгилей кетсек, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешине 80 жыл: мыйзам чыгаруу ишмердүүлүгүнө талдоо жана анын келечеги» темасындагы илимий-практикалык конференциянын алкагында бир катар илимий баяндамалар жасалып, олуттуу пикирлер айтылат, кыргыз парламентинин 80 жылдык маарекесине арналган даректүү фильм көрсөтүлүп, хроникалык фотосүрөт көргөзмөсү тартууланмакчы.