Бишкектин айрым райондорунда 4 күнгө жаратылыш газын берүү токтотулат (тизме)

Автор -

«Газпром Кыргызстан» ЖЧКсы авариялык жана калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу Бишкектин айрым райондорунда жаратылыш газын берүү токтотула тургандыгы билдирди.

Газ берүү токтотула турган аймактардын тизмеси:

— 24-28-декабрда Бишкек шаарынын Алма-Ата, ЧКК, Лермонтов, Жибек-Жолу көчөлөрүнүн кесилишкен аймагында;

-24-26-декабрда Бишкек шаарынын М.Ганди, Можайского, Манас пр., Васильева көчөлөрүнүн кесилишкен аймагында;

-24-25-декабрда  Орто-Сай айылынын Ала-Арча шаарчасында;

«Оңдоо жана калыбына келтирүү иштери газ колдонуучулардын коопсуздугун камсыздоо жана шаймандардын авариясыз иштөөсүн камсыздоо максатында жүргүзүлүүдө»,-деп айтылат маалыматта.