Эртеӊ, 25-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарына туман түшөт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз +1…+6;
Таласта түнкүсүн -3…-8, күндүз +1…+6;
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн -3…-8, күндүз +2…+7;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -5…-10, күндүз 0…+5;
Нарында түнкүсүн -18…-23, күндүз -6…-11;
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -6…-8, күндүз +2…+4.