Дарыгерлик менен мыйзамсыз алектенген табып Хашим Зайналиев СИЗО-1ге которулду. Бул тууралуу шаардык милициянын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Тергөө кызматы тарабынан “Алдамчылык” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
Белгилей кетсек, табыпка карата арыздар 2016-жылдан бери келип түшүүдө. Зайналиевдин дарылоочу жайында 2016-жылы псориаз оорусу менен жабыркап кайрылган 6 жаштагы бала, кийин 56 жаштагы А.Г.А. аттуу аялдын каза болгону айтылган.
Хашим Зайналиев Бишкек шаарында кармалып, шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилген эле.