Апрель айындагы Мамлекеттик салык кызматынын рейддик көзөмөлгө алуусу учурунда ЕАЭБге (Евразиялык экономикалык биримдик) кирген өлкөлөрдөн ташылып келинген мыйзамсыз товарлардын арасында эмерек, килем, гипсокартон, кошумча тетиктерден баштап, ун, күрүч, шекер, өсүмдүк майы сыяктуу тамаш-аш азыктары болгон.
Өткөрүү учурунда атайын толтурула турган талондордун ондон ашууну жүк жөнөтүүчүнүн жана кабыл алуучунун даректери, салык төлөөчүнүн жеке номерлери жана ТЭИнин (Тышкы экономикалык ишмердүүлүк) товардык номенклатурасы так көрсөтүлбөгөнү маалым болгон. Айрым бир жүк ташуучу унаа айдоочуларынын ыктыярдуу патенттери жок болуп чаккан.
Талас облусундагы «Чоң капка» көзөмөлдүк-өткөрмө пунктунан патенти жок болуп чыккан Карабай Саякбаев аттуу айдоочу Калмурзаев Бахтиярга катталган 26 миң 650 кг жүн өткөргөн. Талондо жүндүн баасы да төмөндөтүлүп, 67 миң 500 сом болуп көрсөтүлгөн.
Ал эми Аламүдүн районуна караштуу «Ак жол» көзөмөл-өткөрмө пунктунан жаран салык кызматында каттоодо болбогон 250 кг жана ошондой эле салмактагы шекерди алып өтүп жаткан жеринен кармалган.
Жана башка ушундай сыяктуу фактылар көзөмөлдөө учурунда көп катталып жатканын мамлекеттик салык кызматы билдирет.