Бишкек шаардык соту Бажы кызматынын төргасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду кызматына кайтарды. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.
Соттук коллегиясы бүгүн, 28-декабрда ушундай чечим кабыл алган.
Райым Матраимов 2015-2017-жылдар аралыгында Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин орун басары болуп иштеген. Өткөн жылдын 23-ноябрында ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаков “ишенимден чыкты” деген жүйөө менен аны кызматтан алган.
Кийин Исаков премьерликтен кеткенден кийин Матраимов “негизсиз иштен алынганын” айтып, өкмөттү сотко берген. Ал соттон кайра мурунку кызматына турууну суранган болчу.