Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өлкө аймагында 29-31-декабрда жана 1-2-январда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.
29-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
30-декабрда түнкүсүн Чүй, Жалал-Абад, Ош облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
30-декабрда күндүз жана 31-декабрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарында жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
31-декабрда күндүз Нарын облусунун кээ бир райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында бир аз кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
1-январда жана 2-январда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 2-январда күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Ысык-Көл жана Нарын облустарын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
3-январда түнкүсүн тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. 3-январда күндүз жана 4-январда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 4-январда күндүз мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Абанын температурасы бир аз өзгөрүлүп турат.
Бишкек шаарында күтүлгөн аба-ырайы
29-декабрда жана 30-декабрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
30-декабрда күндүз жана 31-декабрда түнкүсүн мезгил-мезгили менен жаан, кар жаашы күтүлөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 30-декабрда 14 метрге жетиши күтүлөт.
31-декабрда күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Ош шаарында күтүлгөн аба-ырайы
29-декабрда жана 30-декабрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
30-декабрда күндүз жана 31-декабрда түнкүсүн мезгил-мезгили менен жаан, кар жаашы күтүлөт. 31-декабрда күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.