Аткезчилик иштеринин бети Баткен облусу боюнча экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат жүргүзгөн оперативдик-иликтөө процесстеринин натыйжасында ачылган.

Р.А. аттуу жаран 21 450 кг салмагындагы алтын аралашкан кенин мыйзамсыз ташып жүргөн. Аталган жарандын уруксат берүүчү документтери болгон эмес. КРнын Кылмыш кодексинин 208чи беренесине (баалуу металдарды жана баалуу таштарды мыйзамсыз иштетүү) ылайык кылмыш иши козголгон.

Ошондой эле, С.Б аттуу жарандын жасалма документтер менен 36 262 л өлчөмүндөгү дизель майын ташыганы аныкталган. Ага ЭККМКнын тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш кодексинин 350чү беренесине (документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү жана бланктарды жасалмалоо, даярдоо жана өткөрүү боюнча) ылайык кылмыш иши козголгон.