Леонардо Ди Каприо ушул жылы белгилүү актер Аль Пачинонун кызы, модель Камила Морроне менен баш кошушу мүмкүн. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышкан.
Буга чейин эки жаштын сезимдери пиар үчүн экени айтылып келинген.
44 жаштагы актерду Камила менен Аль Пачино тааныштырган. Камила Морроне 21 жашта. Анын апасы актёр Аль Пачино менен жарандык никеде жашайт. Камила актердон 23 жашка кичүү.
Түгөйлөрдүн мамилеси жаз айларында башталган.
Буга чейин Ди Каприо модель Нина Агдал менен бир жылдай сүйүү мамилесинде болуп, 2017-жылы экөө эки айрым жолго түшүшкөн.