Ага Орусия, Казакстан, Тажикстан жана Кыргызстандын баардык аймактарынан келген ишкерлер катышат. Жалпысынан 60тан ашуун компаниялар өз продукцияларын алып чыгуусу күтүлүүдө.  

Ош шаарынын мэриясы билдиргендей, жарманкеде фирма-заводдордон чыккан продукциялар, курулуш материалдар дүң баада сатылып, ата-мекендик өндүрүүчүлөрдүн ишмердүүлүгү менен таанышууга жана кеңири маалымат алууга шарт түзүлөт.

Бизнес жарманкени Ош шаарынын мэриясы Ош жаш ишкерлер ассосациясы менен биргеликте уюштурууда. Иш-чара 7-8-май күндөрү С. Ибраимов атындагы Кыргыз улуттук драма театрында өтөт.