7-майда жайкы сезондун ачылышы менен бирге эл аралык туристтик жарманке өтөт. Казакстан, Өзбекстан жана Орусиянын туроператорлору өздөрүнө ыңгайлуу болгон эс алуучу жайлары менен келишим түзүп, иштешүүнү башташат. Белгилүү Google компаниясы көчөлөрдү жана керектүү объектилерди көрүүгө мүмкүн болгон онлайн картаны расмий түрдө тартуулайт.

Бир күн жарманкеге арналат

«Саат 10до өтүүчү жарманкенин ачылышын вице-премьер министр Талантбек Батыралиев жасайт. Саат 3тө тиешелүү министрликтердин катышуусу менен жыйын өткөрүлөт. Кечеңдеп жаткан жол курулушу, II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына болгон даярдыктар тууралуу сүйлөшүүлөр жүрөт. Салтанаттуу иш-чара кечке чейин уланып, кечинде Issyk-Kul awards сыйлыгын тапшыруу аземи болот»,  – деп билдирет Туризм департаментинин директору Азамат Жаманкулов.

Онлайн картанын ачылышы болот

Жарманкенин жүрүшүндө Google компаниясынын презентациясы болот. Онлайн картага канча объект, кайсы шаарлардын көчөлөрү, канча көчө киргени тууралуу айтып беришет.

Нью-Йорк Google Earth программасында
Нью-Йорк Google Earth программасында

Буга чейин департамент тарабынан аталган компаниянын ортосунда сүйлөшүүлөр болуп, алар картаны түзүп, туристтерге керектүү деп эсептелинген объектилеринин 3D форматындагы сүрөттөлүштөрүн киргизип беришмек. Ага Кыргызстандын туристтер көп каттай турган алдыңкы шаарлары кирген болчу.

Даярдыктар дурус

Белгилүү себептерден улам Египет жана Түркияга сапары буулган туристтердин багыты Кыргызстан тарапка карай жүрүшү күтүлөт деп айтылып келет. Узактыгы аба ырайына карата 54 күнгө созулган сезон ичинде Кыргызстан туризмдин потенциалын канча пайызга жогорулатууга даяр?

«30-апрелде болуп өткөн эс алуу жайларынын ээлери менен болгон жыйындын негизинде карасак, алар тарабынан болгон даярдыктар күчүндө. Ички иштер министрлигинин колдоосу менен Ысык-Көлдө казарма ачылганы турат. Ага карата 200 кызматкер тартипти көзөмөлдөө, пансионаттардагы коопсуздук, туристтер менен болгон мамилелер тууралуу окутулду. Андан сырткары быйыл өкмөттүн токтомунун негизинде көл жээгиндеги жайкы сезонго ылайыкталган майда-барат кафелерге тыюу салуу же алардын шартын жакшыртуу маселеси да каралган. Ошону да көзөмөлгө алып жатабыз», – дейт Жаманкулов.

Бул сезондо Көчмөндөр оюндарына басым көбүрөөк жасалат

«Даярдануулардын басымдуу бөлүгү II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында болуп жатат. Техникалык жактан аксап жаткан иштер жокко эсе. Азыркы учурда катыша турган оюндарды тандоо турлары өтүүдө. Күрөш боюнча мелдеш болду, азыр көк бөрү боюнча ат салышуулар болуп жатат. Июнь айынан баштап ар бир облуста мелдештер өткөрүлүп, финалга чыккандары Көчмөндөр оюндарына катыша алышат» — деп кошумчалайт.