Мэрликке талапкер Садык Ханд 45 жашта. Анын атасы айдоочу, апасы тигүүчү эле. Ал кедейлер жашаган аймакта чоңойгон. Ханддын каршылаш талапкери Зак Голдсмит — бай жана аристократ.
Инопрессанын маалыматы боюнча, Садык Ханд юридикалык дипломго ээ болуп, адам укугун коргоо тармагында иштеп, Лейборист партиясынан депутат болгон.
Хан утуп алса, Улуу Британиянын тарыхында биринчи мусулман мэри болот.
Талапкердин айтымында, Лондондо көп жыл иштесең, диниңе карабастан ийгиликке жетсе болот.
“Мен мэр болуп калсам, бардыгы бир маалда өзгөрбөйт. Бирок кээ бир нерселер өзгөрөт. Кедейлер жашаган аймакта бир гана ресторан, дүкөн ачпастан, аларды жумуш орундар менен камсыз кылуу керек”, — дейт Ханд.
Бул орунду акыркы сегиз жылда Борис Жонсон ээлеген.