1-февралга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Автор -

1-февралда көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз -2…+3;

Таласта түнкүсүн -2…-7, күндүз -1…+4;

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн 0…-5, күндүз 0…+5;

Ысык-Көлдө түнкүсүн -4…-9, күндүз -3…+2;

Нарында түнкүсүн -14…-19, күндүз -8…-13;

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен кар жаайт. Абанын температурасы  түнкүсүн -2…-4, күндүз -1…+1.