Апрель айында Польшанын Быдгощ шаарында каратэ-до WSF боюнча дүйнөнүн жетинчи чемпионаты өткөрүлгөн. Кыргызстандан төрт спортчу катышып, алдыңкы орундарды ээлеп келишкен.

каратэ до

Чемпионатка 40 өлкө катышкан. Ошолордун арасынан Кыргызстан 18чи орунду ээледи. Ош облусундагы каратэ-до федерациясынын президенти, дүйнөнүн эки жолку чемпиону, кара курдун ээси жана машыктыруучу Нурдөөлөт Рысбеков 55-60 жаштар арасындагы таймашууда биринчи орунду ээлеп, алтын медалга ээ болду. Ушуну менен ал дүйнөнүн экинчи жолку чемпиону аталды.

Рысбековдун айтымында, анын окуучулары Абдыжалил уулу Атай экинчи орунду, Режеп кызы Перизат үчүнчү жана Нариев Байдөөлөт өспүрүмдөр арасында (50 кг) үчүнчү орунду ээлеген.