2-3-февралга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Автор -
224

2-февралда түнкүсүн Ош облусунун тоолуу райондорунда, Ысык-Көл облусунун чыгышында, Нарын облусунун кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. 2-февралда күндүз жана 3-февралда түнкүсүн  жаан-чачын күтүлбөйт.

3-февралда күндүз Ош, Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда бир аз кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде туман түшүшү күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй Талас облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз +1…+6;

Ош, Жалал-Абад, Баткен облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +3…+8;

Ысык-Көлдө түнкүсүн -5…-10, күндүз 0…+5;

Нарында түнкүсүн -15…-20, күндүз -7…-12;

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн жана эртең менен туман түшөт. Абанын температурасы түнкүсүн -4…-6, күндүз +3…+5.