Кыргыз өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Курбанбай Искандаров Өзбекстандан 12 объект толугу менен өткөрүлүп алынганын билдирген.

Советтер Союзунун мезгилинде Кыргызстандын аймагындагы бир нече объектини Өзбекстан пайдаланып келген. 1992-жылкы Алматы декларациясынын негизинде кайсыл өлкөнүн аймагында объект болсо, ал ошол өлкөгө таандык деп бекитилген. Бул маселеде Кыргызстанда Өзбекстандын жана Тажикстандын пайдаланып келген бир нече объектиси бар болгон.

Келишимге жетишилгенине 20 жылдан ашуун убакыт өткөнүнө карабастан, Кыргызстан өзүнө таандык объектилерди өткөрбөй келген. Өткөрүп алуу иштери 2010-жылдан кийин гана жандана баштаган. 2014-жылы Тажикстандан мунай жана газ өндүргөн Лейлек районундагы бир объекти өткөн. 2016-жылдын 18-мартында Өзбекстандын аскерлери Кыргызстан чегине кирип келишкенин кыргыз бийлиги объектилерди өткөрүп алуу менен байланыштырышып, алардын тизмесин жарыялаган эле.

Ал эми апрель айынын башында экс-депутат Турсунбай Бакир уулу объектилер өткөрүлүп алынган жок деп билдирген.

Кыргызстанга таандык Өзбекстан пайдаланып келген объектилер:

Жалал-Абад облусунда Ала-Букадагы «Орто-Токой» суу сактагычы; Аксыдагы Чоң Наманган каналы (12,9 км); «Чуст» каналы (14,5 км); Ноокендеги “Достук”, “Маданият” жана “Октябрдын 50 жылдыгы” насостук станциялары; Сол жээк Нарын каналы (43,1 км); Баткен облусунда Сох-Шаймерден каналы (12 км); Лаган каналы (11,2 км); №1 Фергана автотранспорттук колоннасы; №4 “Фергананефть” автобазасы; Ош облусунда Керкидон суу сактагычына куйган 12 чакырым канал; Кара-Суудагы Савай каналы (28 км).

Кыргызстан 12 объектини өткөрүп алды

Азыр чек арага жакын жайгашкан төрт объектти жана Ысык-Көлдүн жээгиндеги төрт пансионатты өткөрүп алуу боюнча иш жүрүп жатат.

Ысык-Көлдөгү Өзбекстан пайдаланып келген  ““Рохат-НБУ”, “Золотые пески”, “Бустон” жана “Дилором” пансионаттары болуп саналат.

Өкмөттүн Өзбекстан пайдаланып келген 16 объекти жана 4 понсионатты өткөрүп алуу чечими чыккан эле.