13-февралда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй жана Талас облустарында түнкүсүн -2…-7, күндүз 5…10,
Баткен, Жалал-Абад, Ош дубандарында түнкүсүн -2…+3, күндүз 6…11,
Ысык-Көл аймагында түнкүсүн -3…-8, күндүз 2…7,
Нарын жергесинде түнкүсүн -13…-18, күндүз -3…-8,
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -2…-4, күндүз 6…8 градус болот.