Өлкө аймагында 19нан 23-февралга чейин аба ырайы кандай болот?

Автор -
268

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өлкө аймагында 19нан 23-февралга чейин күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

19-февралда түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, кар тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт. Талас, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

19-февралда күндүз  жана 20-февралда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.

 20-февралда күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Нарын, Ысык-Көл облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

21-февралда көпчүлүк аймактарда кар жаашы, Чүй, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда катуу кар жаашы күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

22-февралда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт. 22-февралда күндүз жана 23-февралда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

 24-25-февралда Кыргыз Республикасынын аймагында күтүлгөн аба-ырайынын жакындатылган болжолдоосу

 24-25-февралда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы жогорулайт.

Бишкек шаарында күтүлгөн аба-ырайы

19-февралда түнкүсүнкар жаашы күтүлөт. 19-февралда күндүз жана 20-февралда түнкүсүн  жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

20-февралда күндүз жана 21-февралдамезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 14 метрге жетиши күтүлөт.

Ош шаарында күтүлгөн аба-ырайы

19-февралда түнкүсүн кар жаашы күтүлөт. 19-февралда күндүз жана 20-февралда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

20-февралда күндүз жана 21-февралда мезгил-мезгили менен жаан, кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.