Дүйнөлүк маалыматтарды издөө сайты Google’дун бир бутакчасы Google Map Тоолуу Карабактагы жер-суу аттарын бир жумадан бери армян тилинде берип жатат. 

Бул туурасында Азербайжандык Реакция маалымат агенттигинин башкы редактору жана Эл аралык маалымат жана изилдөө институнун директорунун орун басары Октай Хажимусали Saat.kgге билдирди.

«Google Map Армяндар басып алган Тоолуу Карабакты жана башка Азербайжан жерлери армян жерлери болгонсуп, армян тилинде көрсөтүлүп жатат. Биз эл аралык маалымат жана изилдөө иниституту бул жаңылыштыкка каршылык көрсөтүү менен тез арада оңдоону талап кылабыз. Ошондой эле? башка элдерден  колдоо күтөбүз» — деп белгилейт.

Азербайжан менен Армения көп жылдардан бери Тоолуу Карабак үчүн каршылашып келет. Азербайжан аймагына таандык деп эсептелген Тоолуу Карабак автономдуу республикасы армян этникалык армяндардан турат. 1988-жылы Азербайжандын курамынан чыгып Арменияга кошулууну каалаган. Бирок согуш оту тутанып, алты жылга созулган.

Тынчтык келишимине жетишкенине карабастан, бир нече жолу майда-барат жаңжалдар орун алып турган. 2016-жылдын 2-апрелинде башталган ок атышуудан кийин эки тараптан тең жүздөгөн адамдар окко учту. Бүгүнкү күндө да абал чыңалып, согуш абалында турат.

Тоолуу Карабак

Тоолуу Карабак

Тоолуу Карабак армян тилинде

Тоолуу-Карабак