Карыпбеков КТРК жетекчилигине талапкерликтен баш тартты

Автор -
436

Илим Карыпбеков КТРКнын башкы директорлугуна талапкерлигин алып салды. Бул тууралуу бүгүн, 28-февралда «Фейсбуктагы» баракчасына жазып чыкты.

Илим Карыпбеков 2015-жылы КТРКнын башкы директору болуп шайланган. Кийинчерээк ал жергиликтүү маалымат каражаттарына маек берип, кийинки шайлоодо КТРКнын жетекчилигине талапкерлигин койбой тургандыгын айткан.

Бирок, 15-февралда кайрадан талапкерлигин койгон эле.