Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын төрагасы Айбек Калиев негизги генерациялык объектилерди кайра жаңылоо боюнча ири энергетикалык долбоорлорду жүзөгө ашыруу жана энергетикалык тармакта реформаларды тездетүү иштери тууралу айтып берди.
Мамлекет башчы энергетикалык тармакта жүргүзүлүп жаткан реформалар коррупцияны жок кылуу, жоготууларды азайтуу жана өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун бекемдөө боюнча улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын чечкиндүү аракеттери менен коштолушу зарылдыгын белгиледи.