Фонд кредит алууга талаптарды жумшартып, насыянын көлөмүн 1 млн долларга чейин жеткирүүнү көздөп жатат. Андан тышкары, кредит берчү банктар дагы көбөйтүлөт.
Соода-өнөр жай палатасы менен жолугушууда ОКӨФ башкармалыгынын төрагасы Кубанычбек Кулматов программага 9-10 коммерциялык банк катышаарын айтты.
“Пайыздык чендин төмөндөшү өлкөдө бизнестин активдүүлүгүн жогорулатууга кошумча түрткү болуп бере алат”, — деп белгиледи ал.
Өнөр жай палатасы билдиргендей, анын мүчөлөрүнүн 90% — чакан жана орто бизнес өкүлдөрү. Фонд менен кызматташтыкты бекемдөө үчүн жакын арада меморандумга кол коюлмакчы.