25-мартта тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9, кээ бир аймактарда секундасына 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, күндүз 16…21,
Талас жергесинде түнкүсүн 1…6, күндүз 15…20,
Баткен облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 17…22,
Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 2…7, күндүз 17…22,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -3…+2, күндүз 11…16,
Нарын облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 10…15 градус болот.
Бишкек шаарында жамгыр жаабайт.Абанын температурасы түнкүсүн 2…4 градус, күндүзү 7…19 градус жылуу болот.