2016-жылдын 31-мартына карата тышкы карыздын өлчөмү 255,3 млрд сом болуп, 2015-жылдын ички дүң өнүмүнө карата 60,3%ды түздү.

Өкмөт 2013-2017-жылдар аралыгындагы улуттук өнүгүү стратегиясын башка өлкөлөрдөн жеңилдетилген шарттарда каражаттарды карызга алуу менен ишке ашырууну көздөп келет. Насыялардын 99%ы 0,75-2,0% менен алынып, төлөө мөөнөтү 40 жылга чейин созулат жана алар ар кыл инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга жумшалат.

КР өкмөтү билдиргендей, карыздарды кыскартуу боюнча иш-чараларды өткөрүп,  карыз 43,5 млн долларга азайган. Бир жылдын ичинде Орусия 30 млн долларды, ал эми апрель айында Германия 13,5 млн долларды кечкен.