Үч күндөн бери уланып жаткан Казакстандын Каламкас кениндеги өрт 28-мартка оогон түнү өчүрүлдү. Бул тууралуу өлкөнүн Энергетика министрлигинин басма сөз катчысы Нурлыбек Женисбек билдирди.
13-мартта Каламкас кениндеги скважиналардын биринде газ аралашмасы сызылып чыгып жатканы аныкталган. Расмий маалыматтар боюнча 25-мартта ал тутанып, күйө баштаган.
Мурдараак жергиликтүү басылмалар Мангистау облустук Экология департаментинин жетекчисинин милдетин аткаруучу Руслан Тукеновго шилтеме кылып, кенде мунай төгүлгөн фактылар катталбаганын жазышкан.
24-мартта бийлик Каламкас мунай кениндеги авария боюнча тергөө иштери башталганын билдирген. Өрт чыккандан кийин «КазМунайГаз» аны өчүрүүгө жердин алды менен бара турган жолдун жоктугун кыйынчылык туудуруп жатканын кабарлаган.
https://youtu.be/bSXotRm6CqQ