29-мартта көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 5…10, күндүз 16…21,
Талас жергесинде түнкүсүн 4…9, күндүз 15…20,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 5…10, күндүз 17…22,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 1…6, күндүз 10…15,
Нарын облусунда түнкүсүн 0…5, күндүз 10…15 градус болот.
Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 8…10°, күндүзгү жогорку температурасы 18…20 градус болот.