Кыргызгидромет борбору Кыргызстандын аймагында 5-апрелге чейин күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.
30-мартта көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгысекундасына 4-9 метрден,кээ бир райондордо 17-22 метрге жетиши күтүлөт. 30-мартта Бишкекте абанын абанын температурасы күндүз 6…8 градус, түнкүсүн 14…16 градуска чейин жылуу болот.
31-мартта күндүз абанын табы 20 градуска чейин жылуу болушу ыктымал. Түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. 31-мартта күндүз жана 1-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.
1-апрелде күндүз жана 2-апрелде түнкусүн тоо этектеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт.
2-апрелде күндүз жана 3-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.
3-апрелде күндүз тоо этектеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт.
31-марттан 3-апрелге чейин тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Ал эми 4-5-апрелдерде туруксуз аба ырайы күтүлөт: көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Абанын температурасы төмөндөйт.
Бишкек шаарында
30-мартта абанын температурасы түнкүсүн 8…11, күндүз 15…17, 31-мартта түнкүсүн 4…6, күндүз 18…20 градус, 1-апрелде түнкүсүн 6…8, күндүз 13…15 градуска чейин жылуу болот.
Ош шаарында
30-мартта абанын температурасы түнкүсүн 9…11, күндүз 14..16 градус болот. Ал эми 31-мартта түнкүсүн 7…9, күндүз 17…19 градус. 1-апрелде түнкүсүн 8…10 градус, күндүз 17…19 градуска чейин жылуу болушу ыктымал.