30-мартта көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгысекундасына 4-9 метрден,кээ бир райондордо 17-22 метрге жетиши күтүлөт. 30-мартта Бишкекте абанын абанын температурасы күндүз 6…8 градус, түнкүсүн 14…16 градуска чейин жылуу болот.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 5…10, күндүз 12…17,
Талас жергесинде түнкүсүн 3…8, күндүз 9…14,
Баткен облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 14…19,
Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 6…11, күндүз 13…18,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 2…7, күндүз 10…15,
Нарын облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз 9…14 градус болот.
Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлөт. Абанын температурасы түнкүсүн 8…10°, күндүз 15…17° градус болот.