Мамлекеттик каттоо кызматы нике кыюу учурундагы жаны текстти түзүп чыкты. Күбөлүк тапшыра турган кызматкерлер эми ушундай маанидеги ыр жана текст менен түгөйлөрдү жубайлар деп жарыялашат.
Тексти:
Арыбаңыздар атпай – журтум Кыргызым! Кутмандуу кечиңиздер менен урматуу меймандар!
— саламатсыздарбы кымбаттуу күйөө жана колукту?!
Ак никенин салтанаттуу аземин,
Ак пейилден баштоо менин сунушум,
Ай көл Манас урпактары ар дайым,
Ак өргөөдөн улап келген турмушун.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик каттоо кызматынын атынан бүгүн (күнү, аты-жөнү)______________________ никесин салтанаттуу каттоо аземин өткөрүү мага ыйгарылган.
Урматуу эки жаш —
Ак никени салтанаттуу бул каттоо
Ак сүйүүнү жамандыктан аластоо,
Аскар тоодой алдыңарда зор милдет,
Ата –Журттун ыйык жүгүн аркалоо!!
Ошондон улам, никени салтанаттуу каттоо аземинин алдында атайын сиздерге суроом бар…
- — Ар убакта адал болуп сүйүүгө — Адал жашап, айкын турмуш курууга,
Макулсузбу бирге өмүр сүрүүгө? Макулсузбу ак никеге турууга?
Күйөө, сиздин жообуңуз — Ооба! Күйөө, сиздин жообуңуз – Ооба!
Колукту, сиздин жообуңуз – Ооба! Колукту, сиздин жообуңуз – Ооба!
Анда эмесе урматтуу эки жаш, өмүрлүк жар болушуңарды аныктап, бакыт баракчасына өз кол тамгаңызды жазып койуңуздар (музыка).
Урматтуу күбөлөр, сиздер дагы келип өз кол тамгаңыздарды жазып койуңуздар.
2. Жаңы турмуш көшөгөсүн ачкыла
Ээ болгула, эч кемибес бактыга!
Шааниси ушул, мааниси ушул никенин
Арнап келген шакектерин таккыла!
Нике шакектериңиздерди алмашып тагышып койуңуздар,
3. Жерди жарып чыккан суу
Адам затты баккан суу
Өмүр улап оркуштап
Өзөндөрдөн аккан суу.
Туз насиби түбөлүккө биригип
Эки түгөй тең бөлүшүп таткан суу!
Кыргыз элибиздин наркын улап, өмүр суусун тең бөлүшүп таткыла!
(музыка)
Аруу болсун дилиңер
Ачык турсун күнүңөр
Адал болсун ак болсун
Арзып тапкан сүйүүңөр!!
Эмесе ардактуу ата- энелердин алдында, калайык – калктын алдында өз ыктыярыңыздар менен макул тапкан никелешүүңүздөр бүгүн (дата) Кыргыз Республикасынын Үй–бүлөөлүк мыйзамынын негизинде каттоодон өттү!
Ушул күндөн баштап мен сиздерди жаш жубайлар деп жарыя кылам!
4.Сиздерди чын дилимден куттуктоо менен бирге, үй-бүлөңүздөрдүн алгачкы документи болгон нике күбөлүгүн тапшырып койоюн,бул күбөлүк сиздердин өмүрүңүздөрдө биричи жана жалгыз күбөлүк болсун!
Урматтуу меймандар сиздердин алдыңыздарда дагы бир жаш үй- бүлөө пайда болду бул – (Ф.И.О) үй- бүлөөсү . ( Той ээлерине кайрылуу)
5. Кымбаттуу той ээлери сиздердин өмүрүңүздө унутулгус окуя балдарыңыздардын баш кошкон күнү менен куттуктайбыз!.
6. Урматуу кайын — эне , арнап жүргөн ак жоолугуңузду келиниңиздин башына салып койууга толук мыйзамдуусуз!( музыка)
Баяналуу жаңы үй- бүлөө жаралды
Баалагыла ушул ыйык саамды
Түгөйсүңөр эми силер түбөлүк!
Көшөгөңөр көгөрүшүн каалайлы!
Жакшылыктар жанашсын
Жамандыктар адашсын
Тукуму өссүн — Кыргыздын,
Тукуму өссүн – Манастын!.
Мындай текст менен нике күбөлүгүн тапшыруу кызматкерлерге милдет эмес. Кадимки айтылып жүрүүчү текст да оңдолуп жатат. Ал МКК тарабынан иштелип чыгып, жактырылгандан кийин күчүнө кирет деп Saat.kg’ге мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.