Окуя Орусия борборунун Мещанск райондук сотунда болду. Казакстандык күбөнүн көрсөтмөсүн которуу үчүн кыргызды чакырышканын Meduza жазып чыкты.

Сотто “Русские” деген кыймылдын мурунку жетекчиси Александр Белов (Поткин) БТА-банктан 5 млрд доллардык активдерди уурдагандыгы териштирилүүдө. 2002-жылы Белов мыйзамсыз иммиграцияга каршы кыймыл уюштурган. Бул уюмга Орусияда тыюу салынгандан кийин 2011-жылы ал “Русские” деген кыймылды негиздеген.