АКШнын президенти Барак Обаманын 27-майдагы Херосимага боло турган иш сапарын Жапония жылуу тосуп алат. Бул туурасында Жапон премьер-министри Синдзо Абэ журналисттерге билдирген.
1945-жылы 6-августа АКШ херосима шаарына өзөктүк курал таштаган. Шаар талкланып, жүз миңдеген адам өлүп, жаратылыш кырсыкка учураган. Ушул күнгө чейин өзөктүк куралдын уу заттары таасир этип келет. Обама АКШ президенттеринин ичинен биринчи жолу Херосимага барган өлкө башчысы болуп калат.
Ал Жапонияда 26-27-майда өтө турган G7 саммитинин алкагында катышууга барат. Иш сапардын жүрүшүндө, Обама Жапон өкмөт башчысы Синдзо Абэ менен жолугушат. Абэ Хиросима иш сапарынын жүрүшүндө Обама менен бирге болоору күтүлүүдө.
«Мен бул кабыл алынган чечимди чын жүрөгүмдөн тосуп аламын. Бул Жапония менен АКШнын өзөктүк куралдан курман болгондорду бирге эскерүүсү келечек муундарга чоң сабак болот. Өзөктүк куралсыз дүйнөнү курууда чоң күч болот» — деп Синдзо Абэ билдиргенин Киодо маалымат агенттиги жазат.