Ливиядагы жаңжалдан жүздөн ашуун адам мерт болду

Автор -

Ливиянын Триполи шаарындагы куралдуу кагылышуудан 121 адам өлүп, 561 адам жаракат алды. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму билдирди.

Уюм Триполиге кошумча кызматкерлер менен дары-дармектер жиберилип жатканын маалымдады. 4-апрелде “Ливия улуттук армиясынын” жетекчиси Халиф Хафтар жана аны колдогон күчтөр чабуул уюштуруп, Ливиянын борборун курчап алган.

2011-жылы жарандык согуш башталып, өлкөнүн жетекчиси Муаммар Каддафи өлтүрүлгөндөн кийин Ливиянын бир бөлүгүн парламент жана Хафтардын армиясы, калган аймактарын, анын ичинде Триполини эл аралык коомчулук тааныган өкмөт көзөмөлдөйт.