18-апрелде Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 4…9, күндүз 19…24,
Талас жергесинде түнкүсүн 4…9, күндүз 18…23,
Баткен облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 21…26,
Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 5…10, күндүз 21…26,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 2…7, күндүз 14…19,
Нарын облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 15…20 градус болот.
Бишкек шаарында жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 8…10°, күндүз 16…18° болот.