24-апрелде көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй жана Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн 5…10, күндүз 12…17,
Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарында түнкүсүн 7…12, күндүз 13…18,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 5…10, күндүз 11…16,
Нарын аймагында түнкүсүн 5…10, күндүз 13…18,
Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 8…10, күндүзгү 15…17 градус болот.