Митингди «Транформациялоо» кыймылы уюштурууда.
Мыйзамда трансформацияланбаган жерлерге курулган турак-жайларды мыйзамдаштыруу маселесин каралууда. Кыймылдын мүчөсү Учкун Фатиловдун Saat.kgге билдирүүсү боюнча, митингге Кыргызстандын ар кайсы аймагынын делегаттары катышууда.
Учурда алар Ак үйдүн алдына чогулушууда. Буга чейин аталган кыймыл бир канча жолу жерди транформациялап, үйлөрдү мыйзамдаштырууну талап кылып, ар кандай акцияларды уюштурушкан.