Швециянын Dagens Nyheter газетасынын маалыматына караганда 300 миңден 450 миңге чейин качкындар жашаган Дадааб лагери Кения өкмөтү тарабынан «Ал-Шабаб»  террордук уюмунун согушкерлери жашынган базасы катары саналууда.

Ошондуктан  өкмөттүн чечими менен Сомали чек арасынан 100 км узактыктагы дүйнөнүн эң чоң  качкындар лагери  жабылат. 2013-жылы Найробидеги соода борборунда 67 кишинин өмүрүн алган жардырууну жана 2015-жылы 148 кишинин өмүрүн алган Гарисса университетиндеги жардырууну, Дадааб лагери менен байланыштуу адмамдар ишке ашырган деп маалымдады.

Качкындар лагери менен бирдикте 600 миң адам баткан башка качкындар лагерлери да жабылышы мүмкүн. Бул туурасында Кения тышкы иштер министири Каранжа Кибижхо Кения өзүнүн коопсуздугу менен кызыкчылыктарын эске алып, баш калка издегендерди кабыл алууну токтот деп жарыялаганын gazetevatan.com жазды.

Адам укуктарын коргоочу уюмдар лагерь жабылса качкындар арасында гуманитардык тартыштык, кырсык болушу мүмкүн деп эскертишти.

Дадааб качкындар лагери 1990-жылы Сомалидеги жарандык согуштан качкан жарандарга арналып курулган. 300-450 миң качкындардын көпчүлүгү сомалиликтер болуп саналат. Ал эми ал жердегилердин 6 миңдейин алгачкы качып келгендердин балдары түзөт.