ӨКМ 1-майга чейин Кыргыз Республикасынын аймагында күтүлгөн аба ырайы туралуу маалымат таратты.
27-апрелде түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаашы, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
27-апрелде күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаашы, күн күркүрөшү, биийк тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
28-29-апрелде жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
30-апрелде Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен жаан жаашы, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 30-апрелде түнкүсүн Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, күндүз көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
1-майда Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
2-майда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 2-майда күндүз жана 3-майда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы жогорулайт.
Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы
27-апрелде түнкүсүн мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлөт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.
28-29-апрелдерде жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Ош шаарында күтүлгөн аба ырайы
27-апрелде түнкүсүн мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлөт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.
28-29-апрелдерде жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.