28-майга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Автор -

Эртеӊ, 28-майда Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 9…14, күндүз 27…32,

Таласта түнкүсүн 8…13, күндүз 26…31,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 10…15, күндүз 27…32,

Ысык-Көлдө түнкүсүн 5…10, күндүз 16…21,

Нарын облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 17…22 градус болот.

28-майда Бишкек шаарында жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн  12…14°, күндүз 29…31° болот.