Мамлекеттик бажы кызматы менен Үрүмчү шаарынын территориалдык бажы башкармалыгы жолугушкан.

 

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тарап кызматташуунун жемиштүү жыйынтыктары менен бөлүшүп, мындан аркы бажы көзөмөлүндөгү азыктарды жана унааларды каттоодогу иштерди жакшыртууну улантуу тууралуу пикирлерин билдиришкен.

Тийиштүү протоколго кол коюлуп, кыргыз тарап ЕАЭБге (Евразиялык экономикалык биримдик) киргенден кийинки чек арадан өтүүдөгү эрежелерде болгон өзгөрүүлөр жөнүндө маалымдаган.