“ КТ Мобайл” менен Мегакомдун чыры коомчулукка кѳп нерсени ачыктады. Мамлекеттик компания улуттук уюлдук оператор болууга талпынган компаниянын жолун тороп, ал турмак жасалма докуметти интернетке таратууга жетишкен. «КТ Мобайлдын» мурдагы жетекчилиги маалымат жыйынында, документте кѳрсѳтүлгѳн ири суммадагы маяналар тизмеси так эле «Мегакомго» караштуу экенин ачыктап жана тендерден утуп алган компания ѳз кызыкчылыгы үчүн ушундай ишке барып жатканын кыйытышкан.
Эске сала кетсек, «КТ Мобайл» 2003-жылы түзүлгѳн уюлдук байланыштын мамлекеттик оператору. Бирок, түзүлгѳндѳн бери ишмердүүлүгүн жүргүзбѳй, ар кандай себептерден улам убакыт-саатын күтүп келген. 2014-жылы СSМ стандартындагы уюлдук байланыш кызматын кѳрсѳтүүгѳ лицензия алган. Аны менен катар жыштык диапозонуна ээлик кылууга укук берилген. 2018-жылы Кыргызстандагы уюлдук байланыш операторлорунун арасында тендер жарыяланып, андан утуп алган «Мегаком» соода маркасынын алдындагы «Альфа Телеком» ЖЧКсы утуп алып, «КТ Мобайл» компаниясына 345 миллион сом тѳлѳгѳн. Тендердин шарты боюнча, «КТ Мобайл» утуп алган тараптын техникалык базасын биринчи этапта колдонмок жана ѳзүнүн жыштыгын колдонууга бермек. Ошондо «КТ Мобайл» виртуалдуу оператор катары кызмат кѳрсѳтѳт болчу.
Сыртынан караганда эки тарапка тең пайдалуудай сезилген келишим соңуна жетпеди. Орто жолдо «КТ Мобайл» планын ѳзгѳртүп, уюлдук байланыштагы толук кандуу оператор болууну каaлады . «Альфа Телеком» ич ара чырды так ушуга байлады, компаниянын маaлыматына караганда, «КТ Мобайлдын» мындай амбициясы кошумча убакытты да, каражатты да талап кылат. Каражат да аз эмес, 85 миллион доллар керектелет. Мына ушуну жүйѳѳ кылып кармаган «Мегаком» рынокко жаңы улуттук уюлдук оператордун чыгышына каршы болгон.
Чыр коомчулукка чыккандан кийин «КТ Мобайлдын» жетекчилиги кызматтан кетти. Анын жетекчисинин орун басары Эрназар Иманкадыр уулу «Ачык ѳкмѳттүн» катчылыгынын башчысы Иманкадыр Рысалиевдин уулу, ал эми Рысaлиев ѳкмѳт башчы Абылгазиевдин бажасы экени ачыкка чыкты. Ага кошул-ташыл «Мегакомдун» директору Жамангулов И. Рысалиев тарабынан ага коркутуу болуп жатканын айтты. Рысaлиев кызматтан кеткенден кийин да «Мегакомдун» директору анын ишмердүүлүгүнѳ кысым болуп, ѳзүнүн жана жакындарынын ишкерчилиги текшерүүгѳ aлына баштаганын жарыялады.
Так ушул жерден Жамангуловдун коргоочу депутаттары пайда болду. Бир катар депутаттар парламенттин трибунасынан кайсы бир жакка сес кѳрсѳтүп, Жамангуловду апакай кылууга жан үрѳштү. Аны аз жерден элдин баатырга теңеп жиберишти — «ал коррупциялык схеманын бетин ачты»! Кайсы коррупциялык схема? Эч ким тастыктаган, далилдеген жок. Ошол элде учурда Жамангуловдун «жеке менчик» коррупциялык схемасы үзүрлүү иштѳѳсүн улантууда.
Акыркы учурда «Мегакомдун» директору тууралуу ѳтѳ кѳп маалыматтар пайда болууда. Биздин жашаган коомубуз ачык-айкын, демократиялуу болгондуктан бул таңкaлыштуу эмес. Маaлыматтар абдан кызыктуу, түз айтканда жарымы криминал, жарымы детектив. Жамангуловду жактаган депутаттар Жанар Акаев, Рыскелди Момбеков, Элвира Сурабaлдиева жана Алмамбет Шыкмаматов — «Фейсбуктун» активдүү колдонуучулары, коргоосуна aлынган директор тууралуу ар бир маалымат aлардын да каректеринен ѳтүп жатат. Жамангулов тууралуу чындыкты абдан сонун билишет, бирок айтууну каалашпайт, билмексен болууну туура кѳрүштү. Булар ѳздѳрүн патриот кѳрсѳтүүгѳ аракеттенип,эл башкы орунга коюшаарын дайыма жарыя кылуудан чарчабай келет.
Бирок, «патриоттор» башкы нерсени унутта калтырышты. Эгер алар чындап эле мамлекеттин келечеги учун бюджеттен оңбогондой акчаны “уурдаган” ”КТ Мобайлдын” “жүзүн ачканы” үчүн Жамангуловго болушуп жатышса, ушунча маалымат жарыялангандан кийин бирѳѳсүндѳ болсо да директорго карата шек жарaлат эле да. Арасынан бирѳѳсү болсо да Жамангуловго «ушул чынбы?»- деген суроо узатмак. Маалыматтар арбыган сайын, жогоруда белгилегендей болгондо да детективи да, криминалы да бар ѳткѳнү чукулуп чыккан сайын унчукпаган депутаттарга ѳз кызыкчылыгы үчүн директорду колдоп жатышат деген жыйынтык чыгарууга аргасызбыз.
Соцтармактардагы Жамангулов боюнча маaлыматтарды чогултуп, ага суроо иретинде тѳмѳнкүлѳрдү жолдодук, убакыт тапканда жообун редакцияга жѳнѳтѳѳр:
- Жамангулов ѳзү жарыялагандай, эмгек жолун 15 жашынан баштаган экен. Ал биринчи жолу ѳзүнүн атасынын менчигиндеги арак заводунда иштеп баштаптыр.15 жаш эрезеге жете элек курак. Ошондо, бул баланын эмгегин эксплуатациялоо болуп калбайбы. Акылбек Жамангулов Буга эмне деп жооп берет?
- Жамангулов жогорку билимге ээ болбой туруп фирманы жетектегени айтылууда. Ал фирма эмне менен алектенери тууралуу да маалыматтар жетиштүү. Биздин «патриот» депутаттар бул тууралуу угушкан жокпу? Угушса Жамангуловго суроо беришсе, эл чындыкты билбейт беле!
- Жамангулов «Манас» аба майданында иштеп жүргѳндѳ кылмыш ишинин фигуранты болгону чынбы? «Мегакомдун» директорун жан-алы калбай жактаган биздин урматтуу депутаттар балким, бул иштин да таржымaлын айтып беришээр? Же таржымалын билишпейби? Кылмыш иши жѳнүндѳ да угушкан эмеспи? Анда, Жамангуловду жактап, актап элге жаман кѳрүнбѳй, депутаттык мүмкүнчүлүктѳн колдонуп, УКМКга сурамжылоо жиберип, «Манас» абамайданындагы 200 миң доллардын уурдалышы боюнча иштин бардык материaлдарын алдырышсын. Анан да ара-чолодо УКМКдан бул иштин сотко жетиши такыр эмнеге эле кыйындап жатканын сурай кайтышсын.
- Жамангулов «Мегакомдун» директору болуп келээри менен ѳтѳ чоң суммага ондоо иштерин баштаган. Аны тендерсиз, мамлекеттик сатып aлуулар тууралуу мыйзамды карманбай эле оңдоо иштерин жүргүзүүчү фирманы ѳзү аныктаган. Финполиция муну билип туруп, эмнеге ооздоруна талкан салып алышкансып ушул убакка чейин унчукпай отурушат?
- Жамангулов Кыргызстан АУБ банкынан ссуда алганы жазылды. Ал банктын ээси Ѳмүрбек Бабанов экени белгилүү. Ссуданы тѳрт жыл мурунку парламенттик шайлоонун алдында алган экен, ушул убакка чейин тѳлѳп бүтѳ албай, мурдагы депутатка карызын мамлекеттик компания «Мегакомдун» эсебинен жарнамалык кызмат кѳрсѳтүп келатканы айтылууда, бул чынбы?
- «КТ Мобайл» темасы боюнча, эмнеге Жамангулов тармактарды жана жыштыктарды чогуу колдонуу боюнча аукционго алгач катышып алып, андан кийин гана ѳкмѳткѳ кат жазып, бул пайдасыз экенин айтып, дагы кошумча 86 миллион доллар сураган? Андай болсо келишимге кол коюунун кереги бар беле? 345 миллион сом Жамангуловдун ѳзүнүн акчасы эмес да,мамлекеттики болуп жатпайбы?
- Жамангуловдун агасы кытай түрмѳсүндѳ Кеминге цемент заводун куруу боюнча долбоорду ишке ашыруудагы уурулугу үчүн олтурганы айтылууда. Жамангулов ѳзү да абамайдандагы уурулук боюнча отуруп чыкканы чынбы?
Оозунан кѳбүк чыкканча жанталашып директорду актаган депутаттар буларды билбей калыштыбы? Дагы бир суроо — Акылбек Жамангулов эмнеге мынча улуттук жаңы оператордун пайда болушуна каршы чыгууда?
Айрым маалымат каражаттарында ѳкмѳттү жана «КТ Мобайл» компаниясын шыбап, «Альфа Телекомду» аппак кылып кѳрсѳткѳн макaлалар тобу пайда болду. Анын баары «IDM Меdiа» ЖЧКсынын аракети менен жайылтылганы кеп болууда. Маaлыматтык камсыздоо багытында «Мегаком» тарабынан тендер жарыяланып, атaлган фирмага 19,3 миллион сом берилгени, алар ѳз кезегинде саясатты курчутушканы айтылууда (ал тендер болбой калганы тууралуу да маалымат бар, а бирок каражаттын дайынсыз кеткенин дагы айтышууда).
Дал ушул фирма Бабановдун Кыргызстанга кайтышы боюнча чуулганды да күчѳткѳн. Технология да абдан жѳнѳкѳй — Жамангулов менен Шыкмаматов парламент жыйынында шоу ѳткѳрүштү, а «Мегаком» жарнама берген маалымат каражаттары теманы күчѳтүшүп, соцтармактарга бѳлүшүп, маалыматтык чабуул жасашкан.
Депутат Жанар Акаевдин сунушу менен «КТ Мобайлдын» ишин иликтѳѳ максатында депутаттык комиссия түзүлгѳн. Айрым маалыматтарга караганда, комиссиянын ичинде дагы улуттук уюлдук оператордун кереги жок деген идеяны сиңиргенге аракет кылгандар пайда болуптур. Бул улуттук кызыкчылыкты сатуу, бул сапар кѳздѳгѳн максат ишке ашпаса, Кыргызстанда мындан ары «Кыргызтелекомдун» базасындагы базaлык уюлдук оператордун пайда болушунан үмүт үзүп кое берүү керек. Жыйынтыгында эмне болот?
«Кыргызтелеком» ѳнүкпѳйт, а биз уюлдук байланыш операторлоруна ээлик кылган чет ѳлкѳлѳрдүн айдаган жагына басып калабыз. Анын үстүнѳ, «Мегаком» учурда сот жообунда, эртең ал кимдин карамагына ѳтѳѳрү белгисиз. Кыргызстанга ѳзүнүн мамлекеттик оператору керек. Ансыз чет ѳлкѳлүк компаниялардын туткунунда кaлабыз.
Биздин санариптешүүбүз, ѳнүгүүбүз, алдыга басабызбы, же артка кадам таштайбызбы — так ошолордун чечиминен кѳз каранды болот.
Мына ушуларды иликтей келгенде, биздин урматтуу депутаттарыбыз эмнени ойлоп улуттук уюлдук байланыш операторунун жаралышына каршы чыгып жатышкандары түшүнүксүз. Алар ѳз кызыкчылыктарын ойлоо менен мамлекетке чыккынчылык кылып жатышкандыктарын түшүнүшѳѳр бекен?
Булак: «Майдан» гезити. №20 (404). 29.05.2019.