Жаз аяктап, жай кирип келүүдѳ. Күн ысыганы борбор калаанын тургундары эс алуу күндѳрү жаратылыш койнуна чыгууга аракеттенишет.Борбордон бир нече чакырым аралыкта жайгашкан «Ала-Арча» жаратылыш паркы кѳпчүлүккѳ ыңгайлуу экендиги белгилүү. Бирок жаратылыш койнуна кирип эс алам дегендер «биссмилла» дегенде эле унаа башына 450 сомдон капчыктарын жукартышат.
Эгер унааңыз чоңураак болсо анда 650-850 сом тегерегинде тѳлѳш керек болот. Кызыгы, ал тѳлѳмдү деле унчукпай берейин дейсин, бирок «Ала-Арча» жаратылыш паркынын эч кандай шарты жоктугу бул тѳлѳмдѳр кайда кетип жатат деген суроону жаратат.
Мындайча айтканда, кадимки эле даараткана жок, же болбосо таштанды сала турган урналарга кѳзүң түшпѳйт. Ар жерде чачылган таштандылар… Шаар тургундары тѳлѳп жаткан тѳлѳмдѳр эмне максатта чогултулаарына жана кайда жумшалаарына ѳтѳ кызыктар экени жашыруун эмес.
«Ала-Арча» паркы президенттин иш башкармалыгынын карамагында экени маалым. Тиешелүү ишкана бул маселе боюнча качан үн катат?
Булак: «Де-факто» гезити.